Бул тууралуу бүгүн төрага Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Төраганын айтымында, долбоор шаршемби күнү даяр болот. Долбоордо жаңы парламенттин пленардык жыйындарын жумасына эки ирет өткөрүп, калган иш күндөрү комитеттерде, фракцияларда иштөө каралган. Учурда парламент «Регламент жөнүндөгү» мурдагы мыйзамдын негизинде иштеп жатат. (BuS)