Депутат Роза Отунбаева бүгүн парламентте ушундай демилге көтөрдү. Анын айтымында, президент, өкмөт, парламент төрагасы баштаган жетекчилердин коруна бөлүнгөн акыркы беш жылдагы каражаттардын эсебин тактап, эмнеге чыгымдалып жатканын тактоо зарыл. Анткени, каражаттар чукул кырдаалдарга жумшалып жатканы же тойлорго кетип жаткандыгы белгисиз бойдон калууда, деп билдирди депутат. Төрага Адахан Мадумаровдун билдиргенине караганда, эсеп палатасы бул маселени көзомөлгө алып, ар жыл сайын отчет берип келатат. (BuS)
11:39 Депутат Отунбаева президенттин, өкмөт башчынын, төраганын жеке корлорунун эсебин тактоону сунуш кылды