"Өнөржайкурулушбанкынын" ишин токтотуп коюуга эч кандай мыйзамдык негиз жок, деп билдирди бул каржылык мекеменин Директорлор Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Муратбек Мукашев. Анын айтымында, банктын ишинде каржылык олуттуу маселелер жок. Социалдык Фонд тапшырган 500 млн сомдук операцияга байланышкан иштин артында банкты басып алуу, тымызын коррупция фактылары жатат. Анткени, "Өнөржайкурулушбанкы" 7,2 пайыз үстөк менен төлөп берип жаткан миллиардга чукул акчаны араң 6 пайыз үстөк бере турган "Инексимбанк", "Азия универсалбанк" сыяктуу банктарга которуп алып жатышат. "Бул коррупциянын көрүнүшү, Соцфонддогу каражаттар элге таандык каражат",-деп белгиледи М. Мукашев. Улуттук банк 11-январда "Өнөржайкурулушбанкы" алган милдеттенмелерин аткара албай калды деп аны консервация режимине өткөзгөн. Социалдык фонд "Өнөржайкурулушбанкы" 500 млн сомдук операцияны аткара албай калды деп Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. (KCh)