Араван районунун акими Шамиль Артыков 14-январда “Азаттыкка” билдиргендей 25 үй-бүлө тууган туушкандарыныкында жана убактылуу салынган жер тамдарда жашап жатышат. Аларды жергиликтүү бийлик азык-түлүк менен камсыздоо жагын моюнга алган. Жаз чыканда жабыркаганда ашар ыкмасында үй куруп берүү жагы да чечилүүдө. Жергиликтүү талдоочу Кадырбек Байгазев ушул тапта бардык чоңдор куру убада менен тил эмизип, калкты алдамай жолго түшкөнүн, мунун акыры бийлик бутактарынын беделине оңбогондой доо кетирип, бир күнү минадай жарыларын эскертти. (АТо)