Интерполдун Лиондогу баш кеңсеси тараткан билдирүүдө, Селебинин кызматтан кетиши анын Түштүк Африкадагы коррупция жаңжалына тиешеси бар деген айыптоолорго байланыштуу болду деп айтылат. Жекки Селеби “киши өлтүргөн деп айыпталып жаткан адамдан пара алган” деп шектелүүдө. Селеби болсо, бул айыптоолорду четке какты.