Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Түркмөнстан Иранга жаратылыш газын сатууну токтотту


Түркмөнстан 1-январдан тарта техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Иранга жаратылыш газын сатпай калды. Мындан сырткары, Иран тарап газ үчүн карызын толук төлөй элек. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Иран Түркмөнстанга канча карыз болгону жана газды экспорттоо иши качан жанданары көрсөтүлгөн эмес. Расмий Тегеран болсо, “Ашхабад жаратылыш газы үчүн бааны жогорулатууга далалаттанып жатат”,-деп билдирди.

XS
SM
MD
LG