Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

11:10 Оппозициялык «Ата Мекен» партиясын салыкчылар текшере башташты


Партия кеңсесине салыкчылар алгач партия уюшулган 1992-жылдан берки ишмердигин чарбалык субъект катары текшеребиз деп келген. Бирок партия өкүлдөрү бул мыйзамсыз болоорун, мыйзамга ылайык мындай текшерүүлөр 6-7 жылдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөөрүн түшүндүргөн. «Биз жыл сайын тиешелүү отчетторду берип келгенбиз жана алардын жыл сайын текшербегени үчүн биз күнөөлүү эмеспиз», - деп билдирди «Азаттыкка» аталган партиянын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов. Анын айтымында, партиянын салыкчылардан жашыра турган эч нерсеси жок жана алар текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Партия өкүлү ошондой эле мындай текшерүү партия тарыхында биринчи ирет болуп жатканын, анын саясий себептери бар деп эсептээрин белгиледи.(SM)

XS
SM
MD
LG