Шаардык кеңештин нааразылык акцияларын атайын бөлүнгөн жайларда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен бир катар укук коргоочулар өткөн жылдын соңунда Бишкек райондор аралык сотуна кайрылышкан эле. Сот бул арызды бүгүн түштөн кийин карап баштап, кечке жуук аны канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарды. Укук коргоочулар эми Бишкек шаар сотуна кайрылышаарын билдиришүүдө. Бишкек шаар кеңеши мындай чечимди былтыр 30-ноябрдагы отурумунда кабыл алган. Укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул чечимди демократиядан чегинүү, адам укуктарын чектөө катары баалашып, ага каршылыгын билдирип келет.(SM)
18:09 Шаар кеңештин токтомун жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын арызын сот канааттандырган жок