Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:45

Жорж Буштун Жакынкы Чыгышка сапары уланууда


АКШ президенти Жорж Буш мунай саткан өлкөлөрдү мунайдын баасын жогорулатуудан мурун анын АКШ экономикасына тийгизген терс таасирин эске алууга үндөдү. Мунайдын баасы тууралуу маселе президент Буш менен Сауд Аравиянын падышасы Абдулланын сүйлөшүүсү учурунда башкы темалардын бири болду. Эки күндүк сапары маалында Буш Сауди бийликтеринен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жана Иранды обочолонтуу өнөктүгүнө колдоо табууну көздөйт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG