Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

19:27 Тажикстанда элге суткасына 1 саат гана электр кубаты берилүүдө


Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун Согду облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Исмаилжан Туйчибаев 16-январда маалым кылды. Электр энергиясы жаатындагы чектөөлөр кошуналаш Тажикстанда акыркы үч жылдан бери жүргүзүлүп, тажик бийлиги муну кышкы мезгилде электр энергиясынын жетишсиздиги менен түшүндүрүп келишет. Былтыркы кышта Тажикстандын түндүк аймактарында электр энергиясы суткасына 4 сааттан берилип турган болсо, быйылкы кышта болгону 1 сааттан гана берилүүдө. Тажикстандын Согду облусунда 17 миң этникалык кыргыздар жашашат. (SA)

XS
SM
MD
LG