Бул мыйзам долбооруна карата регламентке өзгөртүү киргизүү парламенттин ишин өзгөртөт деген сын пикирлер айтылып келген. Долбоорго ылайык палатанын отурумунда комитеттердин, фракциялардын жетекчилери жана каралып жаткан маселе боюнча доклад даярдагандар гана чыгып сүйлөөгө укуктуу. Ошондой эле отурумга катышпаган депутаттын добушу башка депутатка берилиши сыяктуу маселелер айрым депутаттардын каршылыгын пайда кылган. (ZKo)
10:30 Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү каралат