Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:06

10:50 Максим Кулешов өзүнө кол салган милиционерлерге чара колдонууну суроодо


Бул тууралуу укук коргоочу өзү “Азаттыкка” билдирди. “Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешовдун айтуусунда аны кечээ Ленин РИИБнүн эки кызматкери: бири башына, бири курсагына муштаган. “Алар мага Ленин райондук сотунун имаратында кол көтөрүштү. Бул учурду менин бир нече кесиптештерим, укук коргоочулар көрүп турушту. Сот мага байланыштуу ишти кайра иликтөөгө жибергенден кийин, милиция кызматкерлери мени менен соодалашууга аракет жасашты. Алар менден жазуу түрүндө милицияга доом жок деп жазып берүүмдү өтүнүп, анын ордуна мага тезжардам чакырып, кароодон өткөрүүнү сунуш кылышты. Албетте, мен макул болгон жокмун. Милиция кызматкерлери мага жаман болорун айтып, коркутууга чейин барышты,”- дейт укук коргоочу. Максим Кулешов милиция кызматкерлерине чара көрүү арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасына бүгүн кайрылмакчы.
“Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешовду Бишкек шаардык кеңешинин тынч митингдерди чектеген токтомуна каршы мэриянын имаратынын алдына кечээ нааразылык акциясына чыккан жеринен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камакка алышкан. Кечээ кечинде сот ишти кайрадан иликтөөгө жибергенден кийин ал камактан бошотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG