Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

17:05 “Сентябрь” телеканалынын иши Жалалабат облустук сотунда 23-январда каралат


Бул тууралу сыналгынын түштүк аймагындагы директору Асылбек Текебаев билдирди. Ал тарабынан облустагы райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу тууралу доо арыз 28-декабрда берилген. Телемунарага Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен бирдей аталыштагы токой чарба 6 сотых жер ажыраткан. Облустук прокуратуранын доо арызына ылайык райондор аралык сот айыл өкмөт менен токой чарбанын жер ажыратуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгарып, телемунараны башка жака көчүрүп кетүү чечимин чыгарган. 5-декабрдагы чечимди аткарууга баргандар телемунарага барчу электр зымын кыркып кетишкен. Ошондон бери сыналгы өз көрсөтүүлөрүн автоматтык режим аркылуу обого чыгарып келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG