Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

17:07 “Ата мекен” партиясынын Ноокат райондук координатору соттолду


Нибийжан Кадырбердиевдин “Азаттыкка” билдиришинче Ноокат райондук ички иштер бөлүмү ага бирөөгө таандык кафеге өзүм билемдикке салып, уруксатсыз бузуп кирген деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон. Ноокат райондук соту окуяны териштирип, Кадырбердиевди күнөөлүү деп таап, 2 миң сом акчалай айыпка жыккан. Бүгүн 17-январда Ош облустук сотунун жетекчисинин биринчи орунбасары Жаныш Жээнбеков төрагалык кылган кылмыш иштер боюнча коллегия райсоттун өкүмүн күчүндө калтырды. "Акыркы айларда оппозициялык маанайдагы “Ата мекен” партиясынын активисттерин куугунтуктоо өнөкөткө айланып баратат, бул жаман жышаан, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына көлөкө гана түшүрөт,"- дейт оштук укук коргоочу Равшан Гапиров. (АТо)

XS
SM
MD
LG