Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

7:50 Мамлекеттик тил комиссиясынын он жылдыгы өткөрүлөт


Аталган комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун айтымында, бул иш чараны өткөрүүгө уюштуруу тобу түзүлүп, иш планы иштелип чыккан. Салтанатты 15-февралда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүү күтүлүүдө. Ага чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кадыр баркын көтөрүү максатында илимий-конференциялар өткөрүлүп, терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн, орфографиялык сөздүктү, мамлекеттик тил боюнча расмий материалдардын толукталган жайнагын чыгаруу маселеси турат. Мамтил комиссиясы менен "Эне тил” коому "Кыргыз тили" гезитинин биринчи санын 15-февралда беш миң нускада чыгарышмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG