Жапон өкмөтү чалгындоо кызматында иштеген жооптуу адамдардын бири чет өлкөгө тыңчылык кылып, баалуу маалыматтарды саткан деп шектелип жатканын билдирди. Өкмөт тагыраак маалымат берүүдөн баш тартканы менен, Жапониялык маалымат каражаттары өкмөт үчүн аналитикалык маалымат даярдаган мекеменин өкүлү Орусиялык ырасмий адамдар менен Токиодо жолугуп, баалуу кагаздарды берген деп кабарлоодо. Жапония менен Орусия ортосунда аймактык талаштардан улам 2-дүйнөлүк согуш аяктаганы тууралуу келишимге кол коюла элек.