Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишим 1999-жылы түзүлгөн. Келишимге ылайык Кыргызстан менен Монголиянын жарандары 90 күнгө чейин визасыз кирип-чыгууга, жүрүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Ал эми дипломаттык паспортко ээ жарандар жана элчиликтин кызматкерлери иш мөөнөтүнүн аягына чейин жүрө алышат. Бул документти бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен ратификациялап берди. (ZKo)