“Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованы жана адвокат Сартбай Жайчыбековду Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев эмки жуманын башталышында кабыл алат. Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жолугушууда Бишкек шаардык кеңешинин митинг, пикеттерди эркин өткөрүүнү чектеген токтому жана башка адам укуктарына байланыштуу маселелер тууралуу кеп болот.(ZKo)