Бул тууралуу “Азаттыкка” партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтуусунда эки күн мурун салык инспекциясынан өкүлдөр келип, партиянын каржылык ишмердүүлүгүн текшерип кетишкен. Бүгүн “Ар-Намыс” партиясы орун алган имараттын ээси келип, тез арада бөлмөлөрдү бошотуп коюуну сураган. “Бул айтпаса да түшүнүктүү болуп турган, бийлик тарабынан жасалып аткан саясий куугунтук болууда,” дейт Эмил Алиев. (ZKo)