Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

18:50 Өзбекстандын аймагында калган кыргыз кыштагында,электр жарыгы, отун-суу тартыш, балдарына мектеп жок


Чегара маселеси толук чечилбегендиктен, Аксы районундагы Кошдөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылынын жарымы Өзбекстандын аймагында калган. Айылда кыргыз жарандары бар 22 үй-бүлө, же 90 киши жашайт. Башка кыргыздар жашоонун айынан өзбек жарандыгын алууга аргасыз болушкан. Торук айылындагы кыргыздар жер үлүштөрүн Кошдөбө айыл өкмөтүнөн алышкан. Бодо мал, кой, эчкилерин кыргыз аймагына жайышат. Пенсия, жөлөк пулду аларга түпкү мекени төлөйт. Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замирбек Сабиров аталган айылга барганда алар кыргыз-өзбек чегарасынан өтүүнүн кыйынчылыгын, жол, суу, электр жарыгы жана балдарга мектептин жоктугун айтышып, кыргыз жетекчилигине Кошдөбө айылынан турак-жай куруп, жер берип Кыргызстанга өткөрүп алуу талабын коюшкан. (YA)

XS
SM
MD
LG