Кыргыз парламентинин спикери Адахан Мадумаров апааттан жабыркагандарды коопсуз жайларга токтоосуз көчүрүүнү, алардын маселесин комплекстүү чечүүнү, бардыгын заңгыраган көп кабаттуу үйлөр менен камсыз этүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылды. Социал-демократиялык партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов шашылыштын кажети жоктугун, айыл кыштактарды ар тараптан дыкаат текшерүү зарылдыгын, көп кабаттуу үйлөргө элет эли көнбөстүгүн белгиледи. Жогорку Кеңештин өкүлдөрү бүгүн Ноокат, Карасуу райондорунда болушту. Эртең Ош шаарынын калкы менен жолугушат. (АТо)
18:58 Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттык топ Ошто жер титирөөдөн жабыркаган аймакты кыдырды