Үйдү куруп баштоо аземине дүйшөмбү күнү президент Курманбек Бакиев катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, үй көзү азиздер жана кулагы укпаган майыптарга арналып салынат. Бул эгемендүүлүк доорунан бери алгачкы ирет бул категориядагы майыптарга арналып салынып жаткан алгачкы көп кабаттуу үй, деп белгилешти президенттин маалымат кызматынан.(AiT)