Кыргызстандын Россиядагы элчиси Апас Жумагулов кызматынан бошотулгандан кийин өткөн жылы июнь айында Раимкул Аттокуров Кыргызстандын Россиядагы иштери боюнча ишенимдүү өкүл болуп дайындалган. 18-январда президенттин жардыгы чыгып, ага ылайык Раимкул Аттокуров толук ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)