Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

12:19 «Ринко холдинг» компаниясы менен түзүлүүчү инвестициялык келишим макулдашылды


Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов бүгүн билдирди. Анын айтымында, инвестициялык келишим Кыргызстандын жергиликтүү бийликтери менен макулдашылып, жактыруу үчүн өкмөткө жиберилди. Эми өкмөт өзүнүн токтому менен келишимге карата өз оюн билдириш керек. Белгилүү болгондой, россиялык «Ринко холдинг» компаниясы Кыргызстанда алюминий завод курууга ниеттенип, ал үчүн 4.5 миллиард доллар инвестиция салаарын билдирген. Компаниянын жетекчилери өткөн жылы президент Курманбек Бакиев баш болгон жетекчилер менен Бишкекте бир нече ирет жолугушкан.(AiT)

XS
SM
MD
LG