Парламенттик шайлоонун өтүшү жана “Асаба” партиясына лидерлерин алмаштыруу боюнча 19-январда белгиленген курултай болбой калды. Ысыккөлдөгү саясий партиялардын башын бириктирген “Жарандык коомдун” төрагасы Канымет Жакыпбектегин аны Азимбек Бекназаровдун келбей койгону менен байланыштырды. Бирок райондордон келген коомдук уюмдар менен партиянын ордо кеңешинин мүчөлөрү жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды далилдеген фактылары боюнча Жогорку Кеңештин легитимсиздиги боюнча резолюция иштеп чыгууну белгилешти. Ал февраль айында боло турган республикалык курултайда бекитилет. (RB)