Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Динара Ошурахунова, Төлөйкан Исмаилова башкы прокурор Э. Сатыбалдиевден тынч митингдерди чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну жана мэр Данияр Үсөновду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты. Алардын пикири боюнча шаар чиновниктери Кылмыш жаза кодексинин 338-беренесин бузушкан, ошондуктан аларды жоопко тартуудан тышкары Бишкек шаар депутаттарына прокурордук эскертүү берилиши зарыл.
“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөйкан Исамилова 2004-жылы 14-декабрда Конституциялык сот тынч жүрүштөрдү жана жыйындарды өткөрүүнү чектөөгө болбойт деген чечим чыгарып бергенин жана ал акыркы чечим экенин, даттанууга жатпастыгын белгиледи:
-Үсөнов мырза жана шаардык кеңеш мыйзамга каршы токтом кабыл алгандан кийин Башкы прокуратурага кайрылдык, анткени бул мекеме гана институт катары мыйзамдуулукту карап турат. Бир дагы аткаминердин конституциялык чечимди бузганга укугу жок..
Соттун эң жогорку инстанциясы болгон Конституциялык сот ушундай чечим чыгарганы менен 30-ноябрда шаардык кеңеш мэр Данияр Үсөновдун жыйындарды ирээтке келтирүү макстында деген негиз менен митинг, пикеттерди өткөрүүдө айрым чектөөлөр камтылган токтомун кабыл алып берген.
Конституциялык соттун чечимине каршы келген дагы бир токтом чыгаруу канчалык мыйзамдуу экенин түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен шаар мэриясына кайрылдык. Аталган мекеменин пресс катчысы Эрмек Козубеков мэрия бул токтомду Конституциянын 25-беренесине таянып иштеп чыкканын, мында мыйзамга каршы келе турган эч нерсе жок экенин айтты.
Укук коргоочулардын айтымында, алар өз талаптары менен Башкы прокуратурага буга чейин эки ирээт кайрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч бир жооп ала алышкан эмес. Бул жагдайга байланыштуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова буларды айтты:
-Эмне себептен жооп болбогонун башкы прокурор түшүндүрө алган жок. Ал өзүнүн кызматкерлеринен эмне үчүн жооп болгон жок деп сурады. Ал мага үч күн мөөнөт бергиле, акыркы жообумду берем деди. Бирок кандай жооп болот билбейбиз..
Башкы прокурор Э.Сатыбалдиев укук коргоочулар менен болгон жолугушууда бул маселени карап чыгууга 3 күн талап кылынаарын айтты. Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Нүргүл Абылкасымова башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул маселе боюнча жообун 24-январда берээрин билдирди:
-Укук коргоочулардын арызы Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилген. Алар тараптан жооп берилиши керек эле. Ушул маселелерди биз толугу менен карап, үч күндөн кийин жооп беребиз.
Укук коргоочулардын баасы боюнча шаар кеңешинин токтому кыргызстандыктардын конституциялык укуктарын чектейт, адам укуктары боюнча Кыргызстан кол койгон эларалык актыларга каршы болуп эсептелет. Ал эми милиция болсо шаар кеңешинин аталган токтомун Конституциядан жогору коюп, аны оппозицияны жана укук коргоочуларды камакка алуунун юридикалык куралына айлантып алганы белгилүү.