Баткен облусунун Самаркандек айыл-өкмөтү менен Тажикстандын Исфара районуна караштуу Сурх жамааты чектешкен Акбел аймагында жер талашынан улам жаңжал чыгууда. Самаркандектин 300 жакын тургуну аталган аймакка чыгып, кыргыз бийликтери ал жерди тактап берүүлөрүн талап кылышты. Бирок, облусттагы кабарчыбыз Сабыр Абдумомуновдун билдиргенине караганда, эл топтолгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Облус губернатору маселени райондук деңгээлде чечиле турган суроо десе, Самаркандек айыл-өкмөтүнүн башчысы ишин таштап, Орусияга жумуш издеп кетип калган. Баткен районунун акими Дастан Ходжаев жакынкы күндөрү Исфара районунун акими менен бул маселе боюнча жолугушуу өткөрөөрүн билдиргени айтылууда. Бирок ал качан өтөөрү азырынча белгисиз. (TD)