Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

15:50 Карасуу районундагы Ош-Папан автожолундагы кырсыктан 8 адам каза болду


Ош-Папан автожолунун 75-чакырымында 19-январдагы автокырсыктан каза тапкан 8 адамдын жетөө кечээ жерге коюлду. Бирөөнүн тажиясы эртең болот.
Бул туурасында Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Бакыт Орозбаев 22-январда «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтуусунда, 19-январда таңга маал 9 жүргүнчү түшкөн “УАЗ” автоунаасы мал жүктөгөн чиркегичи менен келатып, Папан жолундагы бурулушта Акбуура дарыясын карай ала салып кеткен. Натыйжада, айдоочу менен кошо 7 жүргүнчү аязга тоңуп каза болуп, экөө аман калган. Курман болгондордун жетөөсү Карасуунун Кожокелең, Каракуур айылынын тургундары экендиги аныкталды. Ал эми бирөөсү каракулжалык болгондуктан, анын сөөгүн туугандары алып кетишти.
«Кылым шамы» бейкмөт уюмунун Оштогу өкүлү Улукбек Максыталиев райондук мамлекеттик автоинспекция тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан, аймактык жол башкармалыгы жолду таптакыр карабагандыктан ушундай кырсык болду, бул үчүн тиешелүү аткаминерлерди жазага чегерүү зарыл деп эсептейт. Чукул кырдаалдар министрлигинен учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG