Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

16:14 Мукар Чолпонбаев: Cот системасын эми өз алдынча чечим кабыл ала албай тургандар жетектешет


Кыргызстандык белгилүү коомдук ишмер, парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев бүгүн Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөнүн Жогорку Сотунун төрайымдыгына дайындалган Жаңыл Алиеваны жана Конституциялык Соттун мүчөлүгүнө дайындалган Абибилла Абдугапаровду “бийликтин айтканынан чыкпаган, өз алдынча чечим кабыл алууну билбеген адамдар” деп атады. “Жаңыл Алиева да, Абибилла Абдугапаров да, - президентке жакын адамдардан, андыктан сот системасына эми ушундай кишилер келип жатышы президент жеке бийлигин мүмкүн болушунча бекемдегенге аракет кылып жаткандыгынан кабар берет”, - деп айтты М.Чолпонбаев. Бирок Жогорку Кеңештеги “Акжол” партиясынын депутаты Жангороз Каниметов ысымдары аталган эки адам менен жакындан тааныш болбосо да, эл оозунан аларды калыс, акыйкатты издеген, турмуштук мол тажрыйбасы бар адамдар катары биле турганын “Азаттыкка” айтты. “Андыктан алардын талапкердигин бир эле биздин партия эмес, социал-демократтар да, коммунисттер да колдой тургандыктарын билдиришти”, - деди Ж.Каниметов. (TD)

XS
SM
MD
LG