22-январда Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНИСЕФ Балдар Кору жаш балдар арасында өлүмдү кыскартуу боюнча баяндаманы сунуштады. Ага ылайык, учурда жаш балдар арасында өлүм азайганы менен бул жаатта аракеттерди көрүү дагы да абдан маанилүү. ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энн Венемандин билдирүүсүнө караганда, күн сайын, орто эсеп менен, беш жашка чыга элек жыйырма алты миңге жакын бөбөк көз жумат экен. Анын жарымына жакыны эле Африкалык балдар. Кыргызстанда бешке чыга элек миң бөбөктүн ичинен кырк төртү көз жумат экен. Мындай маалыматты ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Тимоти Шафтер “Азаттыкка” билдирди. (ESu)