Ирак полициясынын маалыматы боюнча, көп кишинин өмүрүн кыйган бомба турак үйлөрдүн биринде жардырылган. Киркук шаарында автоунаанын жардырылышынан беш киши каза тапты. Багдад шаарында ирактык күзөтчүлөрдү аткылоодон үч аскер өлүп, экөөсү жарадар болду.