НАТОго кирген 26 өлкөнүн лидерлери апрель айында кезектеги саммитине чогулат. НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схефер ал саммитке келип катышууга орус президенти Владимир Путинге чакыруу жолдоду. НАТОнун маалымат кызматынын өкүлүнүн айтымында, эки тарап талкуулай турган маселелер арбын. Ал Косовонун статусу, Европада АКШнын ракетадан коргонуу системасын орнотууга байланыштуу маселелер.