Бүгүнкү жолугушууда партиянын ички маселелери жана мындан аркы пландар менен кошо өлкөдөгү коомдук-саясий абал талкууланды. Партиянын Нарын аймагындагы активисттери өткөн парламенттик шайлоо өтө көп мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешти. Жолугушууда учурдагы саясий кырдаалга жараша партиянын жаңы стратегиясын түзүү жана партиянын жазындагы иш-аракеттери тууралуу да сөз козголду дейт “Ата мекендин” жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев. (JTo)
13:12 Ө.Текебаев “Ата мекен” партиясынын Нарын облусундагы активдүү мүчөлөрү менен жолугушту