Ревком бүгүн тараткан билдирүүдө 2008-жылы 10-январда президент өз кайрылуусу менен мамлекетти башкарууда Акаевге окшоп таптакыр четте экендиги айтылат. Ошондой эле 24-марттагы ыңкылапта элдин койгон талаптарынын бири да аткарылбаганын ревкомдун атынан билдирген Азимбек Бекназаров бүгүнкү маалымат жыйынында жарялады. Анын айтымында, К. Бакиев үч жылдын ичинде үч Конституцияга кол коюп, акыры жалпы элдик референдумда кабыл алдынды деп, өзүнүн хандык Конституциясын кабыл алдырып, Акаевдик режимден ашып кетти. Ушуга байланыштуу Ревком 24-март революциясынын, жалпы элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн президент К. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү , революциянын идеяларын ишке ашырууну максат коюуда. Революциялык комитет жарым жашыруун абалда аракекеттенип, анын дареги, мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн алардын аты-жөнү айтылбастыгы белгиленди. (MSu)
13:39 Революциялык комитет президент К. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин көтөрдү