Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

17:48 Карабуура районунда Казакстан менен чегара чатагы күндөн-күнгө күчөп баратат


Таластын Карабуура районунун Көксай айылынын 1008 гектар жерин Казакстан мамлекетинин өкмөтү өздөрүнө мыйзамсыз каратып алган деген маселени бүгүн аталган айылдын тургундары Карабуура районундагы «Демократияны колдоо» маалымат борборунда өткөрүлгөн жыйында талкуулашты. Жыйында айыл тургуну Айткул Тайлаков өткөн жумада Жогорку Кеңешин төрагасы Адахан Мадумаровдун кыргыз-казак мамлекетинин ортосунда чегара чатагы жок деп ММКда айткан сөзүнө каршы экенин билдирди. Тайлаков жогорудагы маселени мамлекет өз учурунда чечпесе, бул эки мамлекеттин ортосундагы масштабдуу чатакка айланып кетишин божомолдойт. (UA)

XS
SM
MD
LG