Армия командачылыгынын билдиргенине караганда, кагылыштарда сегиз жоокер да каза тапкан. Өкмөттүк аскерлердин рейди Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан провинциясында өткөрүлүп, ага авиация менен артиллерия да тартылган. Маалыматтарга караганда, мурдагы премьер- министр, оппозиция лидери Беназир Бхуттонун өлүмүнө катышы бардыгы үчүн айыпталып жаткан колбашчы Байтулла Мехсуддун согушкерлери ушул аймакты байырлайт.
Пакистанда өкмөттүк аскерлердин операциясы учурунда кырк согушкер жок кылынып, отузу камакка алынды