Мындай билдирүүнү Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана менен жолугушуудан кийин жасады. Анын айтымында, Косово эгемендүүлүк үчүн даяр. Бирок Соланын басма сөз кызматынын өкүлү Хашим Тачинин сөзүн ырастоодон кыйгачтап кетти.