«Достук» мейманканасында өтүп жаткан бул талкууда укук коргоочулар токтомдун мыйзамсыздыгын негиздөөгө аракет кылышууда. Талкууга жарандык коомдун, тартип коргоо кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Шаардык кеңеш шаар башчысынын демилгесинин негизинде 5-декабрда Бишкек шаарында нааразылык акцияларын өткөрүүнү иретке келтирүү жөнүндө токтом кабыл алган. Токтомду Конституцияга каршы келет деп эсептеген укук коргоочулар аны жокко чыгаруунун ар кыл жолдорун издеп жатышат. (BuS)