Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

11:47 Игорь Чудинов Москвада «Дастан», «Кыргызгаз» ишканалары боюнча сүйлөшүү жүргүздү


ЕврАзЭстин кезектеги отурумуна катышуу үчүн Москвага барган өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ аскер-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директорунун орун басары Александр Фомин, Газпром ишканасынын башкы директору Алексей Миллер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Талкуунун өзөгүн «Дастан», «Кыргызгаз» ишканаларына таандык маселелер түздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Роза Даудова билдирди. Бул эки ишкананы менчиктештирүүгө байланыштуу пресса кызматы маалымат тарата элек. Аскерий каражаттардан тартып, эл керектөөчү товарларга чейин чыгарып келген «Дастан» ишканасынын негизги акциясын өкмөт июлга чейин Орусияга берүүнү болжоп жаткандыгы маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG