Буга байланыштуу бүгүн парламент токтом кабыл алды. Өкмөттүк саатта жыл этегиндеги жер титирөөлөр жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Жогорку Кеңешке биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев маалымат беришти. Кырсык кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн ишин канагаттандырарлык эмес деп табуу боюнча депутаттар Алишер Сабиров менен Улугбек Ормоновдун сунушу колдоо тапкан жок. (BuS)
14:14 Жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн аракеттерине Жогорку Кеңеш канагаттанды