Минанын 130дай түрүн камтыган курал Ирандан алынып келген деп болжолдонууда. Фарах провинциясынын полиция жетекчиси генерал Хаил Шаирбаз жашыруун жай талип лашкербашчысынын үйүндө табылганын маалымдады. Иран өкмөтү талип согушкерлерин курал-жарак менен камсыздоодо деген айыптарды четке кагууда.