Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

16:10 Кыргызстан Тажикстандан Кытайга өтүүчү жол каттамын жакшыртат


«Борбор Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтыктын (ЦАРЭС-БАРЭК) регионалдык жол коридорун жакшыртуу жөнүндөгү» Азия Өнүгүү Банкы менен Кыргызстандын биргелешкен долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча» мыйзамга президент Курманбек Бакиев кол койду. Борбор Азия Регионалдык экономикалык кызматташтыктын долбоору Кыргызстандын чегарасындагы Сарыташ айылынан тартып Карамык айылы аркылуу өтүүчү «транспорт коридорун» жакшыртууга багытталган. Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном облусу менен Тажикстанды байланыштыруучу 550 чакырым аралыктагы бул жол Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт жана соода-экономикалык мамилелерге кол кабыш кылат. (BuS)

XS
SM
MD
LG