Түндүк Кавказдагы Ингушетиянын борборунда бүгүн коррупция жана адам укуктарынын кордолушуна каршы демонстрацияга чыккан 500дөй кишини полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп кууп таратты. Назрандагы уруксатсыз демонстрацияны токтотуш үчүн көчөгө жүздөгөн полициячылар менен аскерлер чыгарылды. Жаштар басымдуулук кылган демонстранттар полицияга каршы таш жана башка буюмдар ыргытып, ондогон адамдар, алардын арасында журналисттер да кармалганы маалымдалды.