Мындай пикирин “Азаттыкка” экономист Айылчы Сарыбаев билдирди. “Президент энергетика тармагын жеке менчикке берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Бирок мамлекеттин карамагындагы баалуу мүлктөрдү менчиктештирүү экономикага терс таасирин тийгизет. Энергетика тармагын өнүктүрүүнү мамлекет өз алдынча ишке ашырса деле болот. Ал үчүн коррупцияны жоюп, системалык реформаларды жүргүзүү зарыл,”- дейт А.Сарыбаев.(AiJu)