Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

8:20 Бүгүн укук коргоочулар юстиция министрлигинин алдында пикет өткөргөнү жатышат


Пикет министрликтин Ысыккөл облустук башкармалыгынын башчысы Болотбек Сопуевди коргоо максатын көздөйт. Бул тууралуу укук коргоочу Төлөкан Исмаилова билдирди. Болотбек Сопуев Каракол шаарында нааразылык акцияларды өткөрүүнү иретке келтирүү жөнүндө шаар кеңешинин токтомун каттоодон баш тартып, муну акцияларды өткөрүүгө чектелген жерлер боюнча токтомдогу айырмачылык менен байланыштырган. Жума күнү өткөн министрликтин коллегиясында токтомду каттабагандыгы үчүн Сопуев министр Марат Кайыповдон жеме уккан. Марат Кайыпов Бишкек жана Каракол шаар кеңештери кабыл алган окшош чечимдерге юстицияда ар башка мамилеге жол бербей тургандыгын эскерткен. (BuS)

XS
SM
MD
LG