Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы комиссиясы мурдагы премьер- министр, оппозициядагы саясатчы Михаил Касьяновду алдыдагы президенттик шайлоого катыштыруудан расмий баш тартты, мындай чечим кечээ кабыл алынды. Буга байланыштуу Касьянов алдыдагы шайлоону "фарс" деп атап, өз жактоочуларын добуш берүүгө катышпоого чакырды. Анын айтымында, жогорудагыдай чечимдин артында президент Путиндин өзү турат. БШК Касьяновду жарыштан четтетүү себебин анын пайдасы үчүн чогулган кол тамгалардын бир бөлүгүнүн чын эмес экенине байланыштырды. Эми 2-марттагы шайлоого төрт гана талапкер катышат. Бүгүн Орусия БШКсы шайлоого эл аралык байкоочуларды чакырууну баштаары күтүлүүдө.