Катышуучулардын бири Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча ал жерде пикет, митинг же башка акция болбойт, жөн гана “Мен ишенбейм..” деген жазуусу бар желимкагаздарды сумкаларына, кийимдерине чаптап алышкан улан-кыздар Жогорку Кеңештин имаратынын бардык эшиктеринин алдында сүйлөшүп турушмакчы. Алар бул иш-чара аркылуу парламент депутаттарына алардын легитимсиз, мыйзамсыз келгендигин көрсөтүүгө аракет кылышууда. (ZKo)