Бул тууралуу Бишкек шаардык мэрия кабарлоодо. Мэрия тараткан маалыматка ылайык аталган олимпиаданын ачылышы 29 – январда Бишкек шаардык гуманитардык университетинде өтөт. Андан кийинки күндөрү олимпиаданын теориялык жана практикалык биринчи, экинчи турлары менен уланат. Шаардык олимпиаданы жеңип чыккан окуучулар республикалык олимпиадага катышат. Андан алдыңкы орун алган окуучулар эл аралык интелектуалдык мелдешке жолдомо алышат. Ал эми бул иш чара мэрия тарабынан каржыланып, жеңүүчүлөргө грамота жана сыйлыктарды даярдоого 120 миң сом бөлүнгөн. (ESu)