Бишкек шаардык ИИБнын тараткан маалыматы боюнча атайын жүргүзүлгөн “Селсаяк” операциясынын натыйжасында 1627 үй-жайсыз, көчөдө калган адамдар милициянын бөлүмдөрүнө апкелинген. Ошондой эле бул операциянын жыйынтыгында 108 кылмыш иши ачылган. Биринчи Май РИИБ тарабынан үй-жайсыз калган 50 адамды “Коломто” карылар үйүнө убактылуу жайгаштырууга жетишти. Ал эми Ленин райондук акимчилиги Фучик паркына үй-жайсыз, көчөдө калган адамдар үчүн атайын турак ачып, тамак-аш менен камсыз кылган. Ал жерге күнүнө 20-30 дан ашуун адам келип, тамактанган соң, кайра эле кетип калып жатышат, деп айтылат маалыматта. Ал эми Октябрь РИИБ ушундай эле турак ачуу өтүнүчү менен аталган райондун жетекчилигине кайрылган. (ZKo)
11:50 Бишкек ИИБ: Үй-жайсыз көчөдө калган адамдардын баарын тиешелүү жерлерге жайгаштыруу мүмкүн болбой жатат