Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

12:48 М. Намазалиев: “Мен ишенбейм..” иш-чарасынын катышуучуларын сотко алып барганы жатышат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган иш чаранын катышуучусу Мирсулжан Намазалиев билдирди. Анын айтымында учурда укук коргоочу Азиза Абдырасулова, адвокат Сартбай Жайчибеков жана бир нече укук коргоочуларды Биринчи Май РИИБдин имаратына киргизбей жатышат. “Түшүнүк кат жана тиешелүү документтер толтурулгандан кийин бизди дароо Биринчи май райондук сотко алып барганы жатышат өңдүү”, - дейт М. Намазалиев. Ал эми укук коргоочу Азиза Абдырасулова Биринчи Май РИИБдин башчысы Аскат Султаналиевге телефон чалышса ал жооп бербей жатканын билдирди. (ESu)

XS
SM
MD
LG